super.kg logo

Бишкектеги Садыбакасов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

 

Бүгүн, 29-сентябрдан тарта Садыбакасов көчөсүнүн Абдрахмановдон Эр-Тайлакка чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачык. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жолду реконструкциялоо долбоору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөн.

"Эки тилкелүү жолдун узундугу 1,7 чакырым, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына 1,5 метрлик тротуарлар жана сугат арыктар салынды. Белгилей кетсек, жол куруу иштери бүткөрүлгөнүнө карабастан, бардык кемчиликтер биротоло жоюлмайынча кабыл алуу актысы кабыл алынбайт. Жолдордун сапаты мамлекеттик стандартка шайкештиги дыкаттык менен текшерилгенден кийин гана 3 жылдык кепилдик менен бүтүрүү актысы түзүлөт. Үч жылдын ичинде подряддык уюм өз каражатына жолду оңдоп берет. Иштерди подрядчы – «China Road and Bridge Corporation» компаниясы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» фаза-2 долбоорунун эсебинен жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: