super.kg logo

Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

 

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ачылыш аземи башталардын алдында мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган учурашып, андан соң эки өлкөнүн президенти, ошондой эле башка делегация башчылары оюндардын ачылыш аземи өтүп жаткан стадионго өтүштү.

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери, анын ичинде "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссёрдук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин "Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!" деген ураандын алдында өтөт.

Ага 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2022. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи айым убакыттын отору менен жашарып кулпуруп баратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: