super.kg logo

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

 

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча өз ара милдеттенмелер айтылды.

Тараптар Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча маселелерди талкуулашты. Муну менен катар визиттин алдында биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Ташкентке сапарын уюштуруу тууралуу да сөз болду.

Жолугушууда элчи кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берип, кыргыз тараптын деэскалацияга умтулуусун жана өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылчылыгы жөнүндө өзгөрүлбөс позициясын баса белгиледи.

Министрдин орун басары аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: