Мектеп директорлорун тандоо: Нарында сынактын II айлампасында 18 талапкер өттү

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, Ысык-Көл облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 132 талапкер документ жиберип, андан 99 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган. 33 талапкер документтердин толук пакетин тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген жок. Жыйынтыгында 38 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду.
Ал эми Нарын облусу боюнча тестирлөөнүн II айлампасына 76 адам документ жиберген. Анын ичинен 20 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Жыйынтыгында 56 адам тестке катышуу укугун алган.
Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өткөн тестирлөөгө 50 талапкер катышып, алтоо тестке келген эмес. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 18 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 41, Нарын облусу боюнча 22 ваканттык орун бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.