super.kg logo

Кийинки көчмөндөр оюндары Казакстанда өтүшү мүмкүн

 

Кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Казакстан арыз жазды. Бул тууралуу Казакстан Межилисинин спикери Ерлан Кошанов Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусунда айтты.

Межилис төрагасы Казакстан V Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз тапшырган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы эстафетаны Түркия алган. Ар эки жылда өтө турган бул чоң оюн 2020-жылы пандемияга байланыштуу эки жылга жылдырылган.

Эскерте кетсек, Түркиянын Изник шаарында IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы кечээ күнү болгон. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган катышкан.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин "Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!" деген ураандын алдында өтүүдө.

Аталган оюндарга жалпысынан 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: