super.kg logo

Ак көгүчкөндөр учурулуп... Борбордо улгайган түгөйлөр "алтын" тоюн белгилешти

 

Бишкектин райондорунда эл аралык карылар күнүнө карата улгайган түгөйлөр "бриллиант", "изумруд" жана "алтын" үлпөт тоюн белгилешти. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган иш-чара Бакыт үйүндө өттү.

Свердлов районунун иш-чарасына 1 "темир", 3 "алмаз", 6 "изумруд" жана 20 "алтын" түгөйлөр катышты. Райондо жалпысынан 30 түгөй жашайт жана аларга баалуу белектер берилди.

Биринчи Май районундагы Бакыт өргөөсүндө жубайлар Мендельсондун үйлөнүү үлпөт маршы менен юбилейлердин Ардак китебине кол коюшту. Майрамдык маанайды Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттери таасирдүү вальс, улуттук бий менен коштоду. Ошондой эле жубайлар да өздөрү үйлөнүү үлпөт вальсын бийлешти.

Иш-чаранын соңунда берилгендиктин жана сүйүүнүн белгиси катары асманга ак көгүчкөндөр учурулду. Ошондой эле акимчиликтин кызматкерлери карыялардын үйүндө зыярат кылып, баалуу белектерин жана ар бирине 5 миң сомдон тапшырышты.

Октябрь районунда «Таберик» залында райондун акими Азамат Дороев райондун "бриллиант", "изумруд", "алтын" түгөйлөрүн мааракелери менен куттуктады. Октябрь району боюнча 1 үлгүлүү, 6 "алмаз", 12 "изумруд" жана 9 "алтын" түгөйлөр бар. Жалпысынан иш-чарага 28 түгөй катышты.

Райондун бриллиант, алтын түгөйлөрүн Ленин районунун акими да куттуктап, баалуу белектерин тапшырды. Жубайлар юбилейлердин Ардак китебине кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: