Ошто студент кызды өлтүрүп короосуна көмүп койгон жаран өмүр бою эркинен ажыратылды
Ош облусунун Кара-Суу районунда сүйлөшкөн кызын бычактап, сөөгүн үйүнүн жанына көмүп койгон 24 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, өкүмдү сот бүгүн, 30-сентябрда чыгарды. Айыпталуучу Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси менен (боюнда бар аялды өлтүрүү) күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Белгилей кетсек, айыпталуучуга биринчи инстанция соту 15 жылга эркинен ажыратуу менен жаза белгиленген эле.
Маалымат үчүн:
2022-жылдын февраль айында Ошто дайынсыз жоголгон 4-курстагы студент кыздын жансыз денеси табылган. Ал киши колдуу каза болгону аныкталып, шектүү катары Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, ОшМУнун 4-курсунун студенти Н.А. качып жүргөн жеринен кармалган. Ал көрсөтмөсүндө аш бычак менен кызды сайгылап өлтүрүп алганын, андан соң үйдүн жанына көмүп койгонун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
NURSAPAR

30.09.2022. 18:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууу нең дурайын эшек.
Ala.too.456

30.09.2022. 21:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур боюна кесилседеле буга аздайго....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.