Тажикстандын агрессиясы: Баткенде 423 үй толугу менен жараксыз абалга келди
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда 640 турак жай жабыркады жана анын 423ү жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кол салуудан облус боюнча 640 турак үй зыянга учураган. Анын ичинен 423 үй жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түзөөгө муктаж. Ошондой эле 11 административдик, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа зыянга учураган. Унаа өтүүчү 1 көпүрөнү тажик тарап жардырып жиберген.
Баткен районунда 318, Лейлек районунда 105 турак үй жараксыз.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.

