super.kg logo

Актёр Аскат Эрбаев: "Тасмага тартылуу үчүн мага күлкү келерлик гонорар сунушталган"

 

"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында негизги ролду аткарган белгилүү актёр Аскат Эрбаев SUPER.KG порталына маек берди.

Маегинде актёр тасманын төртүнчү бөлүгүнө эмне себептен тартылбай калганын айтып берди.

"Башында менин катышуум менен 2 күн съемка болгон. Бирок анда тасма башталды деп съемка болгон эмес. Анда демөөрчүлөргө көрсөтө турган тизери эле тартылган. Тасма андан кийин тартыла баштаган. Рустам байкенин маегин мен дагы көрдүм. Мен өзүм актёрлук кесипти бүттүм. Муну абдан жакшы түшүнөм. Бул жерде чоң эмгек, мээнет бар. Ошонун баарын көрүп туруп мен тасманын жарымына келип таштап койчу киши эмесмин", - дейт ал.

Ошондой эле Аскат Эрбаев ага тасмада катышкан улуу адамдар дагы келгенин белгиледи. Бирок ал тасмага тартылуудан баш тарткан.

"Тасмага катышкан аксакал актёрлор мага келди. Мен тасмага тартылуудан баш тарттым. Мунун дагы бир себеби бар. Гонорар маселеси деле чечилбей калды. Башында баарыбыз чогулуп, сүйлөшүп отурганда ошол эле жерден бул маселе көтөрүлгөн. Эми мурункудай студенттер жок, бекер актёр жок, азыр бардыгыбыз окуу-жайды бүтүп, толук кандуу актёр болуп калдык.

Анан ошол жерден мен эң көңүл бура турган нерсе сценарий экенин айткам. Бул жерден менин көңүлүмө толбогону гонорар маселеси дагы болду. Азыр мага сунуштаган суммасын айтсам элдин баарынын күлкүсү келет. Айтпай эле коёюн эми", - деди Аскат Эрбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.10.2022. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскат байкэ тартылганда кадимкидэй соонун болмок мурдакы кэйипкэрлер өздөрү рол жаратканда эң элэ бийик дэңгэлдеки тасма болмок биз этникалык кыргыздар дагы айабай жактырып көргөн мыкты тасма элэ Аскат байкеге чыгармачылык ийгилик дагыда соонун килиптерди тартып кыргыз кийночулугун эл аралык дэңгэлдерге көтөрүп көп сэрийалды кийнолорду жаратусуна тилектешмин дэгеле кыргыз кйнолору дүркүрөп өнүп өссө екен
02.10.2022. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылым Чыпалак баатырдын бир тууганы болосуз го ээ
03.10.2022. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба туган тура айтасың сизда биздин тугандардан окшобойсузбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: