Тажикстандын агрессиясы: Талкаланган 130дан ашык үйдүн орду урандыдан тазаланды
Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда облус боюнча 130дан ашык үйдүн орду урандылардан тазаланды.
Калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылган.
Министрликтин маалыматы боюнча Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого такыр жараксыз болуп калса, 217 үй оңдоп-түзөөгө муктаж.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.