COVID-19: Кыргызстанда акыркы жумада 77 жаңы учур аныкталды
Өлкөдө соңку жумада COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталган. Анын ичинен 19 миң 405 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.