super.kg logo

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды мобилизациялоо жалган экенин билдирди

 
Орусиянын аймагында жүргөн мигранттардын аскерге чакырылуусу тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
"Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды жетекчиликке албоосун жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоосун өтүнөт.
Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.10.2022. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчиден ошол фейк документти ким жасаганды таап согушка айдаш керек.... Экинчиден мигранттарды согушка жоно деген ДПСниктер боюнча элчилик оозуна суу толтуруп отурабы, МВД РФке кайрылып, ошол ДПСниктерди жоопко тарттыруунун ордуна......... Элчиликте ончой чимкириктер отурат да.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: