super.kg logo

Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. 4-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

 

Кыргызстанда 4-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +18…+20 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: