super.kg logo

Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүктү камакта калтырды

 

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасын карады.

"Анда Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынды. Тактап айтканда, Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакта калтырылды. Жактоочунун апелляциялык даттануусу канааттандырылган жок", - деп билдиришти соттон.

15-сентябрда Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүккө карата 10-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу баш коргоо чарасын тандаган.

Эскерте кетсек, Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: