ӨКМ: "Ак-Сай айылында жараксыз болгон 44 үй тазаланды"

Мындан тышкары Самаркандек айылында 10, Миң-Өрүк тилкесинде 33 жараксыз болгон үйлөр тазаланган.
Белгилесек, Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 640 турак үй такталган. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түздөөгө муктаж.
Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.
Маалымат үчүн: 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.