super.kg logo

Жээнбек Кулубаев ЖККУнун башкы катчысын кабыл алды

 
Бүгүн, 3-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен ЖККУнун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле алдыдагы Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин, Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык көрүү маселелери талкууланган.
"Кулубаев аймактагы кырдаалга токтолуп, маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген акция экенин белгиледи.
Ошону менен бирге ал Кыргызстан эки өлкө ортосундагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл деген өзгөрүүсүз позицияны кармана турганын жана ушунун аркасында кырдаалды турукташтырууга негиз түзгөн макулдашууларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгилеген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн ал Нью-Йоркто өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынында жетишилген макулдашууларды, ЖККУнун учурдагы механизмдерин мүмкүн болушунча тез арада ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Ж.Кулубаев ЖККУнун алкагында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун соңунда министр ЖККУнун Башкы катчысына жооптуу кызматтагы ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: