super.kg logo

Өлкөдө СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды

 

Кыргызстанда СOVID-19 каршы 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19 маалынын эпидемиологиялык күчөшү учурунда Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда.

Вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн толук курсун (1, 2-доза) алган республиканын бардык жарандары ала алышат.

Бустердик дозаларды Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген вакциналар менен алса болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү санда.

Мүмкүн болушунча көп адам ооруканага жаткыруудан жана COVID-19дун кесепети алып келген өлүм учурларынан коргонуусу үчүн саламаттык сактоо министрлиги ар бир адамга экинчи бустердик дозаны колдонуу чечимин кабыл алды. Айрыкча 4-доза өнөкөт оорулары бар адамдарга жана 60 жаштан ашкандарга сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: