super.kg logo

Иран өлкөдө болуп жаткан баш аламандыкка АКШ менен Израилди күнөөлөдү

 

Ирандын лидери Али Хаменеи өлкөдөгү баш аламандыктарды АКШ жана Израил бийлиги пландаганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анын айтымында Ирандагы тополоң пландалган жана полиция тарабынан кармалган 22 жаштагы Махса Амининин өлүмү жөн гана шылтоо болгон.

"Мен ачык айтам, бул толкундоолор жана туруксуздуктар Америка жана Израил тарабынан пландалган. Ал эми алардын кызматкерлери жана чет өлкөдөгү кээ бир бузуку ирандыктар тополоң кылууга жардам беришкен", - деген ал.

Эске салсак, Иранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыз хиджабды туура эмес кийгендиги үчүн полиция тарабынан кармалып, көп өтпөй комага түшүп каза болгон. Бул окуядан кийин Ирандын 100дөн ашуун шаарларында жана 30 провинциясында массалык нааразычылык акциялары өтүп, баш аламандыктар катталган. Бул акциялардан кеминде 30дан ашык адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: