super.kg logo

"Коркутууга аракет кылып жатышат...". Тенгиз Бөлтүрүк абактан кат жазды

 

Тенгиз Бөлтүрүктү коркутуу аракети болуп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн абактан жазган катында айткан.

Бөлтүрүк Кыргызстанга 2020-жылы октябрь айында президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кумтөрдү кайтарып алууга жардам берүү үчүн кайтып келгенин жазган.

"Мен президенттин тапшырмасын аткарып, элдин алдындагы жарандык жана адамдык милдетимди аткардым. Центерра мени Онтариодо сотко бергенине карабай, 35 жылдык кынтыксыз ишкердик репутациямды тобокелге салып, Кумтөрдү жетектедим. Менден саясий фигура жасагылары келип жатышат. Оппозицияга, мен Кумтөрдөгү коррупциялык жемкорлорго бөгөт койгондорго канчалык жакпаса дагы биз кетпейбиз. Мен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн өмүрүн тобокелге салып жатам. Алар мени эки жылдан бери коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып жатышат, бирок мен президенттин жана министрлер кабинетинин реформаларын колдоодон кайтпайм жана өлкөгө жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, олуттуу инвестицияларды тартууга мындан ары да жардам берүүгө даярмын", - деп жазган Бөлтүрүк.

Кечээ, 3-октябрда Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасын карап, аны абакта калтырган.

Эскерте кетсек, Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: