super.kg logo

Базар-Коргондун тургуну самын чыгаруучу кичи ишкана ачты (фото)

 
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда самын чыгаруучу кичи ишкана ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун Айгүл Жуманазарова жөлөк пул алганына карабай акыркы эки жыл бою ишкерлик баштоого аракет кылып, самын чыгаруу боюнча окуп келген.
"Тилекке каршы, ишин баштоого шарты болгон эмес, "Социалдык келишим" долбоорунун башталышын угуп ага катышкан. Учурда 100 миң сом алып күнүнө миң даана самын чыгаруучу өндүрүштү ачканга мүмкүнчүлүгү болуп турат", - деп белгилешти министрликтен.
Ошондой эле бүгүн Базар-Коргон районунун жакырчылыкта жашаган 50 үй-бүлөгө өз ишин баштоо үчүн 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, район акими Джанузак Сатыбалдиев, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Мунарбек Калмаматов жана БУУнун өкүлү Самаган Асанов катышты.
Маалымат үчүн: "Социалдык келишим" долбоору министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Анын алкагында 2800 үй-бүлөгө республикалык бюджеттен 292 миллион сом бөлүнгөн. Каражат министрлик тарабынан "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алчулардын арасында берилүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: