Марат Иманкулов менен Станислав Зась кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады
Бүгүн, 4-октябрда коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу, учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу реакция кылуу маселелери, ошондой эле ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды.
Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун потенциалын жана беделин чыңдоого конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.