Тажикстандын кол салуусу: Каза болгондордун саны 63кө жетти
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгон жарандардын саны 63кө жетти. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, чек арадагы куралдуу кагылышта 206 адам жаракат алган.
Белгилесек, 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирген.
Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 640 турак үй жабыркаганы такталган. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түздөөгө муктаж.
Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.