super.kg logo

Алтынбек Максутов Маданият министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды (фото)

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Максутовду министрлер мабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов өз сөзүндө жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалап, заманбап тенденцияларды эске алуу менен ыкчам иштөө маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал өз сөзүндө министрлик мамлекеттин идеологиялык өзөгү болуп, маданият, маалымат, спорт, туризм, жаштар саясатын жана улуттар аралык мамилелерди жөнгө салган ири мамлекеттик мекеме экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Алтынбек Максутов президенттин жарлыгы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: