super.kg logo

"Эл агартуучулардын мээнети терең сыйга татыктуу". Президент мугалимдерди куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда өлкө башчысы өтө чыдамкайлыкты, талбаган эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин коомду калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү мааниси зор экенин белгилеген.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун толугу менен беребиз:

“Урматтуу эжей-агайлар!

Өлкөбүздүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү!

Келечегибизге билим үрөнүн сээп келе жаткан замандаштарыбызды: бала бакча тарбиячылары менен мектеп мугалимдерин, кесиптик жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен профессорлорун, жалпы эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы - Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Өтө чыдамкайлыкты, талбаган эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин коомду калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү мааниси зор. Мына ошондуктан мугалимдер менен окутуучулардын мээнети терең сыйга татыктуу.

Жалпы адамзаттын баалуулуктарын, улуттук наркты жаш муундардын кан-жанына сиңирип, адамзаттын басып өткөн жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги мүмкүнчүлүктɵрүн окутуп үйрөтүүдө сиздердин ролуңуздар абдан чоң.

Мектеп баштаган билим берүү мекемелеринде балдар өз өлкөсүнүн тарых-таржымалын, эне тилин, маданияты менен каада-салтын окуп-үйрөнүүнүн негизинде өзүн жаран деп таанып билет, Кыргызстан калкынын биримдигине жооптуу экенин сезип-туят.

Улутуна, ишенимине, тилине карабай кыргыз жараны катары мекенчилдик, атуулдук, өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимдери калыптанат.

Жаштарыбыз дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илим, ишкердик жана башка багыттарда албан-албан ийгиликтерге жетишип жатышат.

Мында урматтуу мугалимдерибиздин эмгеги зор.

Билим берүү тармагын өнүктүрүү менен азыркы замандын чакырыктарына жооп берүү мүмкүнчүлүгү жаралат деп ойлойм. Мунун аркасында өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолун ийгиликтүү улантат.

Урматтуу эжей-агайлар, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалайм”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: