Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо жашыруун добуш берүү менен өтүүдө



Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоого жашыруун добуш берүү жараяны жүрүүдө. Ага Нурлан Шакиев жалгыз талапкер болуп таанылган. Добуш бергендер макул же каршы деген добушун бере алышат.
Шакиевдин талапкерлигин "Альянс", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракциялары жана Элдик депутаттык тобу сунуштаган.
Ал эми “Ыйман Нуру”, “Ынтымак” жана “Бүтүн Кыргызстан” фракциялары талапкер сунуштаган жок.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында өз каалоосу менен төрагалык кызматтан кеткенин билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.