super.kg logo

Караколдо Кыргызстан боюнча эң биринчи таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

 

4-октябрда Каракол шаарында Кыргызстан боюнча эң биринчи таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча белорусиялык компания менен келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан маалымдашты.

Ал “Каракол өсүү чекити” долбоорунун алкагында, республикалык бюджеттин эсебинен курулмакчы. Ага жалпы 135 миллион сом бөлүнүп, тендерди 111 миллион сомго Белорусиялык “Сифания Экотехника” компаниясы утуп алган.

Тендер бардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. 111 миллион сом заводду курууга жумшалса, калган 24 миллион сомго завод орун алчу жерге ангар курулуп жана башка жумуштар аткарылмакчы.

Заводду алып келип, орнотуу 90 күн ичинде ишке ашышы керек, ноябрь айында бардык жабдыктар алып келинип, декабрь айында жумушчуларды окутуу процесси жүрөт. Долбоордун негизинде 40-50 жумушчу орун түзүлөт.

"Таштандыны бөлүү иштери азыркы полигондо орун алат, ал эми кайра иштетүүчү процесстери Каракол шаарынын “Тазалык” ишканасында болот", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.10.2022. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкекке курулат,Ошко курулат...тияка курулат,бияка курулат эле деп окуп,угуп жүрөбүз...же курулганын көрбөдүк.
06.10.2022. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буга чейин болунгон акча гана? Жегендерден кустурбайсынарбы акмактар.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: