super.kg logo

"Чек талап кылып, байге утуп ал!": 2-турда утушка ээ болбогон билеттер үчүнчү турга катыша алат

 

Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын 1 жана 2-турунда байге утпаган катышуучуларынын электрондук билеттери үчүнчү утушка катышуу укугун сактап калышат.

Мекеменин маалыматына таянсак, үчүнчү лотереялык утуш ушул жылдын 30-декабрында өтөт.

Эгерде бир билет байгелүү болгон болсо, анын ээси лотереянын кийинки этабына андан ары катышуу укугунан ажырайт.

Үчүнчү турга 2022-жылдын 1-октябрынан 29-декабрына чейин берилген кассалык чектер, ошондой эле биринчи жана экинчи турда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Лотереяга катышуу үчүн смартфонго "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоо жол-жобосунан өтүү зарыл. Андан соң товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда милдеттүү түрдө берилүүчү кассалык чектердин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: