super.kg logo

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды (Тизме)

 

Бүгүн, 5-октябрда жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына 7 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык жети талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Садыр Жапаров жети талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Нарын облусу

Ат-Башы райондук соту

Шерипов Улан Турганбекович;

Ысык-Көл облусу:

Тоң райондук соту

Талантбекова Аида Талантбековна;

Балыкчы шаардык соту

Ысаков Элдияр Пазылович;

Талас облусу

Кара-Буура райондук соту:

  • Асанова Элмира Орозобековна;
  • Асилова Индира Ашимжановна;

Бишкек шаары

Ленин райондук соту:

  • Алиев Авчи Мустафаевич;
  • Осмонов Баимбек Абдилакович.

Маалыматка ылайык, жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: