super.kg logo

“Апам көз жумарда Клара менен Байэлди жакшы карагыла деди” дейт Жанара Алибекова

 

SUPER.KG порталында конокто Клара жана Жанара Алибековалар болду. Мындан 1 ай мурун Клара Алибекованын апасы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

“Турмушта апа тирегиң, ишенген, дем берген адамың экен. Апабыз оорудан улам көз жумганына дагы деле ишене албай жатабыз. Апабыздын буга чейин кан басымы бар эле. Дарыгерлерге көрсөткөнүбүздө нормасынан ашып кеткенин айтышкан.

Кан басымы көтөрүлгөндөн кийин дароо ооруканага алып барсак операция кылуу керектигин айтышты. Биз дагы жакшы тилек менен операциядан кийин жакшы болуп кетет деген үмүттө элек. Бирок операциядан соң өзүнө келбей калды. Апабызды жоготконубузга 1 айдын жүзү болду. Бүгүнкү күнгө чейин ишене албай турабыз. Апам Клара менен Байэлге аябай күйчү. "Клара, сен жеке концертинди бере элексиң, эл сени колдоп турганда концерт берсең боло" дечү апам. Байкасак апабыз акыркы күндөрү оорусун жашырыптыр", - дейт кыздары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: