super.kg logo

“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда убактылуу чектөө киргизилди

 
Бүгүн, 6-октябрда “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаалардын жана адамдардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-октябрда “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда капиталдык курулуш жана имараттарды оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу чек арага чектөө киргизилди. Буга байланыштуу өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын тыгыны күтүлөт.
Алсак, бүгүн, 6-октябрь саат 12:00гө карата "Достук-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү жана унаалардын тыгыны байкалууда.
Алдын ала маалымат боюнча, “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту бүгүн саат 14:00гө чейин чектелген режимде иштейт.
УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана каттамды алдын ала пландаштырууга чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: