super.kg logo

Министрликке талапкер Алтынбек Максутов элдин маанайын кантип көтөрөрүн айтты

 

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште төрт министрликке, тагыраагы Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Энергетика жана Транспорт министрликтерине талапкерлер каралууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына талапкер Алтынбек Максутовго "Баткен элинин маанайын кантип көтөрөсүздөр?" деген суроо берди.

"Мындай кырдаалда элдин маанайын көтөрүү үчүн биз жактан жакшы нерселер керек. Бул жактан буга чейин иштер жүрүп жатыптыр. Биз мунун баарын ишке ашырабыз деп ойлойм. Негизи эле элдин маанайы боюнча бизде атайын роликтер же атайын кырдаалга жараша иштерди алып баруу жүрүп жатат. Бул жагын улантабыз деп ойлойм", - деди Максутов.

Ошондой эле Максутов спортчуларга дагы өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: