super.kg logo

Ошто муниципалдык ипотекалык ишкана 9 кабаттуу үйдүн курулушун баштады (фото)

 
Бүгүн, 6-октябрда Оштун Туран кичи районунда “Үлүштүк курулуш” муниципалдык программасынын алкагында 9 кабаттуу жаңы үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мэр белгилегендей, бул долбоордун өзгөчөлүгү батирлер толугу менен бүткөрүлүп тапшырылат. Башкача айтканда, батирлердин ички ремонту, тиешелүү тутумдарга кошуу, санузел, эшиктери, газ тармагына кошуу иштери толугу менен бүткөрүлүп берилет.
“Бул Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан бешинчи долбоор. Азыр капсула салынып жаткан 9 кабаттан турган 106 батирлүү үй 2024-жылдын апрель айында пайдаланууга берилмекчи. Бир чарчы метрдин баасы 39 миң 525 сомду түзөт. Бул үйдүн жанына муниципалдык ипотекалык программанын алкагында жакынкы аралыкта дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо пландалууда. Андагы батирлер 10 жылдык мөөнөткө берилет, ошондой эле толугу менен даяр болуп, кирип эле жашай турган шартта бүткөрүлөт”, - деди мэр.
Эске сала кетсек, буга чейин Тилеке-Баатыр көчөсүндө “Үлүштүк курулуш” муниципалдык программасынын алкагында 100 батирлүү алгачкы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: