Кыргыз педагогу эл аралык фестивалда 1-орунга ээ болду




Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Астана шаарында өтүп жаткан II эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, аталган фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан жалпы 51 өкүл катышты.
"Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына ушул жылдын март айынан июнь айына чейин өткөн сырттан окуу этабында жолдомо алган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Астана шаарында “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана постпандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.