super.kg logo

Баткенге жардам. Атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы 320 миллиондон ашты

 

Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 320 миллион 60 миң 289 сом 5 тыйын түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каражат үй-жайы күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсация түрүнө багытталат.

Кечээ, 6-октябрдан баштап акча каражаты элдерге таркатыла баштаган. Анда 300 миң сомдон берилүүчү сумма эки этап менен берилет. Бул каражат үйсүз калган жарандар жаңы үйлөрү курулганга чейин жашап туруу үчүн гана берилип жатканы айтылган.

Ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Баткенде 661 турак жай зыянга учураган. Анын 423ү жашоого жараксыз болсо, 238 үй оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бийлик жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Буга чейин өкмөт чек ара аймактарын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард сом каралганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: