super.kg logo

Бишкекте кыздын колунан 147 миң сомдук телефонун жулуп алып, изин жашырган. Шектүү кармалды

 

Бишкекте көчөдө кыздын колунан 147 миң сомдук iPhone 14 Pro телефонун жулуп алып, изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя 26-сентябрда Турусбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Аталган факты каттоого алынып, "каракчылык" боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кылмышка шектүү кармалганын билдирди. Ал 2003-жылы туулган А.А. аттуу жаран экени белгилүү болду.

Борбор калаанын Ленин райондук соту аны бир айга камакка алуу жана СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарды.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө ушул сыяктуу уурулук фактысы боюнча кармалган жаранды жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен дагы эки арыз түшкөнү кошумчаланды.

Милиция кармалган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендер жана ушул сыяктуу иштер боюнча маалыматы бар адамдарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлашууну өтүнөт: 0312 35 29 47, 0312 65 44 94, 0502 10 21 49, 0555 10 21 49, 070 22 22, 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.10.2022. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу урматуу журналистер! Силер китеп анан журналистиканы окуугансынарда? Туурабы? Ошол кылмыш жонундо жазганда , жасаган кылмышы далилденсе статьяны канча жылдан канча жылга чейин камаларын жазсанар суранып кетер элем. Ошондо силер жон эле макала эмес кийинки кылмыштардын алдын алганга жардам бермексинер. Окууган адам ойлонмок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: