super.kg logo

Бишкектеги Панфилов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

 

Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Медеров көчөсүнөн Чыгыш Чоң Чүй каналына чейин Панфилов көчөсүнүн бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлдү.

"Реконструкциядан кийин жолдун жүрө турган бөлүгүнүн туурасы 9 метрди, узундугу 726 метрди түздү. Жөө адамдар үчүн жолдун эки тарабына тротуарлар төшөлдү, жашыл жерлерди сугаруу уюштурулду. Ошондой эле жол белгилери түшүрүлүп, орнотулду.

Белгилей кетсек, Панфилов көчөсүндө Биринчи Май РИИБинин жанында жол жок болчу, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар гана болгон", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө курулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: