super.kg logo

Чаткалда аз камсыз болгон 50 үй-бүлө ишкерлик баштоого киришти

 
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Жазылган маалыматка ылайык, сертификаттарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова тапшырды.
"Социалдык келишим долбоорунун негизинде көрсөтүлүп жаткан бул жардамдын негизги максаттары - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүү, аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгаруу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга жана эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү", - деди министрдин орун басары.
Ошондой эле Жылдыз Полотова алыскы райондордо мындай долбоорлордун ишке ашыруу өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: