Өлкө казынасынан пенсияны каржылоого 9 айда канча каражат сарпталды?
Январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен Социалдык фондуна пенсиялык камсыздоого 20 миллиард 623 миллион 248 миң 700 сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фондуна трансферттердин көлөмү 18,3 пайызга көбөйгөн.
Белгилесек, 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү көбөйтүлдү. Ага ылайык, пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулатылат.
Жалпысынан пенсиялык базаны жогорулатууга республикалык бюджеттен 3 миллиард 1 миллион сом талап кылынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.