super.kg logo

Борбор калаада ишембилик өтүүдө

 

Бүгүн, 8-октябрда "Таза Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында борбор калаада масштабдуу ишембилик өтүп жатат. Бул жөнүндө Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, шаар тургундары, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарда тазалоо иштерин өткөрүп, иретке келтирүүдө.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын жамааты Ленин районунун аймагында ишембилик өткөрдү. Москва-Фучик көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейинки аймакты 200дөн ашык кызматкер тазалады.

Мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жамааты Свердлов районунда ишембилик өткөрүп, департаменттин 60 кызматкери Красный строитель конушундагы скверди иретке келтиришти.

Октябрь райондук администрациясы Байтик Баатыр атындагы сейил багында ишембиликке чыгып, ага аппараттын бардык кызматкерлери активдүү катышып жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: