super.kg logo

Ички иштер министри өлкөдө жол кырсыктары азайганын айтты

 

Өлкөдө 8 айда 4284 жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9 пайызга төмөн. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, быйыл 8 айда жол кырсыктарынан 6651 жаран жаракат алса, 379 адам каза болгон. Былтыр жылдын ушул мезгилинде 7 215 адам жаракат алып, 552 адам көз жумган.

Мындан тышкары Ниязбеков айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу иштерин текшерүү планы иштелип чыкканын кошумчалады.

"Республика боюнча жалпысынан 270 автомектеп текшерилген. Лицензиялык талаптардын шайкеш эместиги үчүн 233 эскертме берилген, мыйзамсыз негизде иштеп жаткан 10 автомектептин иши токтотулду (лицензиялардын жоктугу менен), 1 миллион 605 миң сом өлчөмүндө 81 протокол түзүлгөн", - деди Ниязбеков.

Ошондой эле жол кырсыгынын негизги түрлөрү төмөнкүлөр экендиги аныкталган:

  • жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү 42,1 пайыз (1803);
  • транспорт каражаттарынын кагылышуусу 36,6 пайыз (1567);
  • транспорт каражатынын оодарылуусу 7,2 пайыз (308)
  • тоскоолдукту сүзүү 5,9 пайыз (257);
  • велосипедченди сүзүү 3,1 пайыз (133);
  • токтоп турган транспорт каражатын сүзүү 1,6 пайыз (72).

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир нече тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: