super.kg logo

45 миллион сомго чейин каражат түшөт. Жалал-Абадда жаңы муниципалдык базар ачылды (фото)

 

Бүгүн, 8-октябрда Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базардын расмий ачылуу аземи болуп өттү. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Маалым болгондой, муниципалдык базардын жалпы аянты 3,5 гектарды түзүп, базарда миңге чукул соода орундары, кардарлар жана соодагерлер үчүн атайын унаа токтотуучу жайы бар.

"Элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурда муниципалдык базардын жанына калкты тейлөө борборун жана башка бир катар мекемелерди жылдыруу аракети көрүлүп жатат. Мындан сырткары шаардагы 10дон ашык маршруттук каттам базар аркылуу өтсө, шаарга жакын аймактардан келген кичи автобустар да аталган базарга токтоп жатат.

Белгилей кетсек, жаңы ачылган муниципалдык базардын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 47 миллион сомго чукул акча каражаты жумшалды. Ал эми муниципалдык базардан жыл сайын жергиликтүү бюджетке орто эсеп менен 45 миллион сомго чейин акча каражаты түшөт", - деп жазылат маалыматта.

Шаардык мэриянын маалымат борборунан Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен буга чейин муниципалдык унаа базары да курулганын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: