super.kg logo

УКМК чек ара бөлүктөрүндө азык-түлүктөр жетишпейт деген маалымат боюнча билдирүү таратты

 

Социалдык тармакта тарап жаткан чек ара бөлүктөрүндө материалдык каражаттар жана азык-түлүктөр жетишпейт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарланды.

Белгилүү болгондой, 8-октябрга карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү жана өткөрүү жайлары камсыздоо талаптарына ылайык 100 пайыз бардык материалдык каражаттар менен камсыз болгон.
"Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы толугу менен кийим-кече мүлкү (жайкы, кышкы) жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган. Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек ара заставалары узак мөөнөткө сакталуучу азыктар (ун, ар түрдүү дан азыктары ж.б.) менен 2023-жылдын июнуна чейин камсыз кылынган. Ар бир үч айда тез бузулуп кетүүчү тамак-аштын запасы толукталып турат.
Бардык чек ара заставалар керектүү көлөмдө көмүр, отун менен камсыздалган. Чек арачылардын бардык керектөөлөр менен камсыздалуу маселеси чек ара ведомствосунун жетекчилигинин көзөмөлүндө туруп, зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен өздүк курам камсыздандырылууда", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле чек ара тарамдарынын кыш мезгилине даярдыгын текшерүү үчүн Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Баткен облусуна кеткенин кошумчалашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: