Бишкекте көчөлөрдү жана сейил бактарды көрктөндүрүү иштери улантылууда (фото)





Борбор калаабыз Бишкекте көчөлөрдү жана сейил бактарды көрктөндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол инфраструктурасын оңдоо, жол сызыктарын чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иш алып барылууда. Дзержинск көчөсүндө узундугу 609 метр, туурасы 6 метр Ак-Тилек көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейин асфальттоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө ушул эле көчөнүн Ак-Тилек көчөсүнөн Фере көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.
Манас кең көчөсүндө тротуарды асфальттоо иштери Л.Толстой көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин аяктады.
Ошондой эле "Балалык" сейил багына кирүүчү жолдун курулушу, анын ичинде тротуарды асфальттоо жана тротуарга термопластик менен жол чийиндерин чийүү иштери жүргүзүлдү.

