super.kg logo

Анкарадагы сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун бюсту коюлду (фото)

 

Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сейил багы жана бюсту ачылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багынын жана бюстунун ачылыш аземи болуп өттү. Сейил бакка жазуучунун бюсту орнотулуп, анын постаментине Ч.Айтматовдун: "Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу" деген цитатасы жазылган.

Залкар жазуучунун ысымын алган сейил бактын ачылышына элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен куттуктоо кайрылуу жасашты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө Түркиянын борбору Анкарада Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, ага бюстун орнотулушу жазуучуга жана анын элесине болгон терең урматын ачык ырастоосу гана эмес, ошону менен бирге Кыргыз жана Түрк элдеринин боордоштук алакаларынын символу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Элчи Кубанычбек Өмүралиев Чыңгыз Айтматов Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн маданиятына зор салым кошкон инсан экенин белгиледи.

Салтанаттуу иш-чарага Түркия Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, министрликтердин жана ведомстволордун, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес түзүмдөрдүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Анкара шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: