super.kg logo

Украинадагы кырдаал: Кыргыз жарандары үчүн ишеним телефондору уюштурулду

 

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчилиги тарабынан ишеним телефону уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ишеним телефону Украинанын аймагында жашаган кыргызстандык жарандар үчүн уюштурулду, алар консулдук жана укуктук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча кайрыла алышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Украинада убактылуу же туруктуу жүргөн Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта экенин билдирет. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргыз жарандарынын арасында жабыркагандар жок.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды төмөнкү номерлерге кайрылууну эскертет: Кыргызстандын Украинадагы элчилиги: +380997573413, +380442370346, +380442370348, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тобу; ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин ишеним телефону +996 551 312 000 (WhatsApp).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: