Бишкектин айрым аймактарына бүгүн таза суу берилбейт
Бүгүн, 11-октябрь күнү Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, эртең мененки саат 9дан түнкү 10го чейин суу Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Фрунзе, Алыкулов көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында жана Жер бөлүштүрүү институту аймагында өчүрүлөт.
"Ошондой эле Ак-Өргө, Ак-Ордо, Теңир-Тоо конуштарынын тургундары таза суусуз калат", - деп айтылат билдирүүдө.
Муниципалитет убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.