super.kg logo

Эдил Байсалов Женевада Тажикстандын агрессиясынын кесепеттери жөнүндө баяндама жасады

 

Женеванын Коопсуздук саясаты боюнча борборунда өткөн иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да катышты. Анда Байсалов сөз сүйлөп, ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Баткендин бейпил айылдарына тажик тараптын кол салуусунун кайгылуу кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады.

Байсалов өз сөзүндө чек арадагы окуяга байланыштуу ЖККУнун жакында өтүүчү машыгууларына Кыргызстандын катышпай турганына токтолду. Буга жакынкы күндөрү орун алган Тажикстандын агрессиясы себеп экенин билдирди. Ошол эле учурда уюм менен эч кандай маселе жок экенин кошумчалаган.

Баяндамадан кийин Женева борборунун директору Томас Гремингер менен өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүдө дипломатиянын инструменттерин колдонуунун мүмкүн болгон жолдору боюнча талкуу болду.

Дебаттын жүрүшүндө баяндамачылар Женева дипломатиялык корпусунун, илимий чөйрөнүн, талдоочулардын, журналисттердин жана студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары агрессиянын натыйжаларын, көп сандаган адам курмандыктарын, инфраструктуранын кыйроосун жана экономикалык зыяндын далилин келтирген фотокөргөзмө менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Коопсуздук саясаты боюнча Женева борбору (GCSP) 1995-жылы Швейцариянын мыйзамдарына ылайык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту курууга жана колдоого көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн эл аралык фонд. GCSP Федералдык коргоо, Жарандык коргонуу жана Спорт министрлиги тарабынан Тышкы иштер федералдык департаменти менен биргеликте түзүлгөн. GCSPтин башкаруучу органы болуп 52 мүчө-мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жана Женева кантонунун өкүлдөрү кирген фонд кеңеши саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: