super.kg logo
  Саясат  

Жамгырчиев жакын туугандары оор кылмыш үчүн соттолгондорду милицияга кызматка албоону сунуштады

 

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев жакын туугандары оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарды укук коргоо органдарына кызматка алууну тыюуну сунуштады.

"Долбоордо жакын туугандары террористтик топтордун мүчөсү деп таанылган адамдар органдарда иштей албайт деп жазылган. Бул нормага оор кылмыштарды да кошуу керек”, - деди Эмилбек Жамгырчиев.

Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов бул норма адамдын конституциялык укуктарын чектейт деп жооп берди.

"Бизде Конституциялык соттун бул мыйзамсыз деген чечими бар. Себеби бала төрөлө электе эле ата-энеси ажырашып кеткен учурлар бар. Анан атасыз өскөн баланын атасы оор кылмышка тартылган болсо, баласын жумушка албай коюу менен анын конституциялык укугу бузулат", - деди министрдин орун басары.

Ага Жамгырчиев жумушка киргенге чейин ата-энеси ажырашып кеткендердин тиешеси жок деп кошумчалап коюуну сунуштады.

"Эгерде анын атасы педофилия же адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга айыпталган болсочу? Милиция деген кынтыксыз болушу керек. Анын үй-бүлө мүчөлөрү оор кылмыштарга тартылган болсо, башка кылмышкерлерден сурак алганга моралдык укугу жок да", - деди эл өкүлү.

Парламент депутаттары “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: