Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарына барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Казакстандын Астана шаарына барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Ал жакта 14-октябрга чейин болуп, бир катар эл аралык иш-чараларга катышат.
Алар:
- Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чараларынын саммити;
- КМШ мамлекет башчыларынын жолугушуусу;
- "Борбор Азия - Орусия" форматындагы биринчи саммити.
Өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, "Борбор Азия – Орусия" форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.
Мындан сырткары Астанада Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин да жолугушуусу мерчемделген. Бул тууралуу буга чейин Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.