super.kg logo

Кыргызстан 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүк кылат

 

Нью-Йорк шаарында Кыргызстан 2023-2025-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргызстанды БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө шайлоо боюнча тышкы саясий тапшырма президент Садыр Жапаровдун өзгөчө көзөмөлүндө болду. Ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын жүрүшүндө сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулукту бул маселеде Кыргызстанды колдоого чакырган", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысынын демилгеси Кыргызстандын дипломатиялык кызматы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылганы кошумчаланат.

Азиялык топтун ичинен 2023-2025-жылдар үчүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрт оруну үчүн алты өлкө - Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея Республикасы күрөштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: